Уктаардан мурун телефон карайсызбы?

13-Дек. 2017, Шаршемби, 13:58

“Deloitte” борборунда жумуш иштеген америкалык окумуштуулар уктаар алдында смартфондорун карап, андан кийин жаткан адамдар белгилүү бир ооруга чалдыгышаарын айтышты. Бул тууралуу “life.ru” сайты билдирет.

Сурамжылоо 18-75 жаш аралыгындагы эки миң адам арасында жүргүзүлгөн. Натыйжасында ыктыярчылардын 81 пайызы уктаардан мурда смартфондоруна карап жатышаары белгилүү болгон. Тагыраак айтканда, респонденттердин 66 пайызы уктаар алдыныда аз дегенде жарым саат, 35 пайызы беш мүнөт жана болгону 14 гана пайызы уктаганга чейин гаджет колдонушаарын айтышкан.

“Pediatrics” журналында жарыяланган акыркы маалыматка таянсак, смартфондун жарыгы түндө тынч уктоого тоскоолдук жаратат. Муну менен бирге түндө ойгонуп кетип уктай албай кыйналгандыгыбыз да ушул себептен келип чыгат. Адам түндө уйкусу канбай, күндүз чарчап жүрөт. Мындай проблемаларды алдын алуу үчүн окумуштуулар смартфондорду «тынч» режимине коюп коюга же болбосо башка бөлмөдө калтырууга кеңеш беришет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!