“Samsung Galaxy S9” флагманынын видеосу көрсөтүлдү

16-Дек. 2017, Ишемби, 11:45

“Социалдык тармактарда “Samsung Galaxy S9” смартфонун видеосу чыкты. Алдын ала маалымат боюнча, “MWC 2018” март айындагы көргөзмөсүндө сунушталат”,- деп жазат “Phone Arena".

Видеодо гаджет ар тараптан көрсөтүлдү. Смартфондун мүнөздөмөлөрү боюнча, анын базалык нускасы 5,66-дюймдук дисплейи менен капталган. Жогорку үлгүдөгү гаджет кош камерага ээ болсо, ал эми жаңы смартфон бир камерага ээ болмокчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!