“Shazam” эми ырларды интернетсиз тааныйт

21-Дек. 2017, Бейшемби, 10:45

“iOS” түзүмүнүн колдонуучулары эми музыка издөө үчүн интернетке кирүүсүнүн кереги жок. Себеби “Shazam” “iOS” үчүн жаңыртуу киргизип, офлайн-мода режимин кошуу аркылу ырды жана анын аткаруучусун издөө мүмкүнчүлүгү бекер болмокчу.

Муну аткаруу үчун көк баскычты басып жана издөөнүн аякталышын күтүү керек. Жана кошумча смартфон интернетке кошулган кезде ырдын атын берет.

Бул нуска болгону “App Store” дүкөнүндө гана кол жетимдүү. Эскерте кетсек, “Apple” өткөн жумада “Shazam” компаниясын 400 миллион долларга сатып алган эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!