Кубаты узакка чейин жеткен смартфондор

22-Дек. 2017, Жума, 09:50

Эң узак пайдаланууга боло турган смартфондордун рейтинги жарыяланды. Рейтингти “PhoneArena” ресурсу 2017-жылдагы негизги гаджеттерди тестирлөөдөн өткөргөндөн кийин билинди.

“Эң узак убакыт бою пайдаланууга болгон смартфондор арасында 11 саат убакытка чейин жеткен “Samsung Galaxy S8 Active” көч башында турат”,-деп белгилейт “Korrespondent.net.”

Экинчи орунда 10 саат 35 мүнөт көрсөткүч менен “iPhone 8 Plus” ээледи, ал эми мыкты үчилтиктин катарына 9 саат 34 мүнөт көрсөткүч менен “LG V30” смартфону кирди.

Бул ирет “S8 Active” аккумуляторунун сыйымдуулугу 4000 мАч, ал эми “iPhone 8 Plus” болгону 2691 мАч гана түзөт.

Басылманын билдирүүсү боюнча, тестирлөө гаджеттердин күндө пайдаланууга атайы ыкманынын жардамы менен жүргүзүлгөн. Ушундайча, түзүмдөрдүн чыныгы энергия коротуу көрсөткүчү аныкталды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!