“iPhoneX” үчүн каш менен ойной турган оюн ойлоп табышты

3-Янв. 2018, Шаршемби, 17:41

Вашингтон университетинин бүтүрүчүсү Нэйтан Гиттер “iPhone X” смартфоны үчүн өзгөчө оюн ойлоп тапты. Анын өзгөчөлүгү оюнду башкарууда колдонуучу болгону каштарын пайдаланат. Бул тууралуу “MacRumors” басылмасы жазды.

“Rainbrow” («Радуга» жана «каш» сөздөрүн түшүндүрөт) деп аталган оюндун мааниси эмодзини башкаруу, бонустук жылдыздарды жыйноо жана башка эмодзилер менен кагылышууну болтурбоо. Оюнчунун кашынын кыймылына байланыштуу, оюн быйтыкчасы күн желесинде өйдө төмөн жылат. Колдонуучунун милдети мүмкүн болушунча көп упай топтоо. Келечекте Гиттер оюнчулардын бири-бири менен атандашуусу үчүн оюнга жалпы рекорд таблицаларын киргизүүнү пландоодо.

“Rainbrow” оюнун “App Store”дон бекер жүктөп алууга болот. Бирок ал “iPhone X” смартфондорунун ээлери үчүн гана мүмкүн. Себеби, андагы “TrueDepth” сенсору менен кошумча реалдуу “ARKit” платформасы колдонулат. “TJ” жүргүзгөн экспериментте, алдыңкы фронталдуу камерадан башка баардык “TrueDepth” сенсорлорунун баардыгын жаап таштасаңыз да оюн иштей берерин көрсөттү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!