Айфон кылмышкерди аныктады

13-Янв. 2018, Ишемби, 11:11

Айфон смартфонундагы «Здоровье» тиркемеси Ооганстандан келген мигранттын күнөөсүн далилдеген жалгыз айгак болуп калды.

17 жаштагы имигрант Еврокомиссиянын жогорку даражалуу кызматкеринин кызын зордуктап, өлтүргөн деген айыптоо менен шектелген. Кыздын сөөгү Фрайбургдан табылган. Бирок окуя байкоо камерасына тартылбай калган. Ошентсе да, Айфондун «Здоровье» тиркемеси шектүүнүн кыймыл-аракетин аныктоого жардам берген. кылмышкерди кармаган кезде смартфон чөнтөгүнөн чыккан. Анын жардамы менен шектүү делген адам кайсы маалда кайда жүргөнүн аныктоого мүмкүн болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!