“YouTube”дан акча табуу кыйын боло баштайт

18-Янв. 2018, Бейшемби, 12:13

Интернеттин эң чоң видео платформасы “YouTube” акча табуу тартибин өзгөртөрүн жарыялады. Платформа аркылуу видео жүктөгөндөрдүн монетизациясы мындан кийин белгилүү бир критерийге жараша жарыяланат.

Ошону менен бирге, платформа жарнамалык чыгымдары кымбат болгон эң белгилүү видеолор кызматкерлер тарабынан колго алынып башкарылары да айтылды.

Бул кадам жарнама берүүчүлөр тарабынан “YouTube”га бойкот катары бир блоггердин өзүн-өзү өлтүргөн адамдын денеси тартылган видеону жүктөгөндөн кийин келип чыккан.

“Google”га таандык болгон бул платформа видеону өтө кеч алып таштагандыгы үчүн сынга алынды.

"”Google” бул сыяктуу видеолорго алдын-ала чара көргөндүн ордуна, кийин аракет кылышы туура эмес, анын кесепетин канча киши тартты», - дейт социалдык медианын эксперти Марк Маллиган.

Жарнама үчүн жаңы критерийлер

Жаңы стратегияга ылайык колдонуучулар өздөрү жүктөгөн видеолордун жарнамасынан киреше табуу үчүн төмөнкү критерийлерге жооп берүүлөрү керек:

Каналдын кем дегенде 1000 абоненти болуш керек

Акыркы 12 айда каналдын видеолору 4 миңден ашык саат каралышы керек.

9 ай мурун “YouTube”дун акыркы критерийлерине шай, жарнамадан киреше табыш үчүн колдонуучулар өз каналдарында 10 миңден ашык контентке байкоого туура келген.

Өткөн жылы киргизилген жаңы эрежелерге ылайык, кээ бир темалар жарнамадан алынып ташталган.

Бул кадам жарыялоочулар тарабына 200дөн ашык жарнама берүүчүлөрдүн жарнамалары зордук-зомблук же радикалдуу мазмундагы видеолордо берилип жаткандыгына нааразычылык билдиришкенден кийин кабыл алынды.

Жаңы стратегиянын дагы бир аспектиси – “Google Preferred” кызматынын жумушун өзгөртүү.

Бул кызмат жарнама берүүчүлөргө 18-34 жаш аралыгындагы аудиторияларга арналган эң көп каралган видео тасманы жарнамалоого мүмкүндүк берет.

Буга чейин бул система автоматтык түрдө иштеп келген. Бирок “YouTube” бул видеолор кызматкерер тарабынан колго алынып башкарыларын жарыялады.

Бул категориядагы баардык контет март айынан тарта текшерүүгө алынат.

Буга чейин “YouTube” маалымдагандай 2018-жылдын аягына чейин видеолорду карап чыгуу үчүн 10 миңден ашык кызматкерге табышталгандыгын айткан.

Экперттердин пикири боюнча, эгер бул чара мурунтан көрүлгөндө блогер Логан Паулдун Японияда өзүн-өзү өлтүргөн адамдын денесин көрсөткөн видео жарыяланбайт эле дешүүдө.

22 жаштагы америкалык блогердин 15 миллиондон ашык көрөрманы болгон жана анын бул видеосун 24 сааттан ашык убакыт ичинде болжол менен 7 миллион ирет көрүлгөн.

“Forbes” журналынын маалыматына ылайык, Логан Паул 2016-жылы “YouTube”дан 12,5 миллион доллар киреше тапкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!