“WhatsApp”: акча которуу мүмкүнчүлүгү ачылат

19-Янв. 2018, Жума, 17:47

Бирдиктүү төлөмдөр "Unified Payments Interface” аркылуу аткарылган которуу системасы, колдонуучуларга банк эсептериндеги бекер которууларды ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

“WhatsApp” инженерлери “P2P” акча которууларды тестирлөө иштерин баштады. Ал болжол менен колдонучулардын 1 пайызын камтыйт”-, деп жазат “The Next Web”.

Басылма белгилегендей, которуу системалары бирдиктүү төлөм “Unified Payments Interface” (UPI) интерфейсинде жасалган. Бул банктагы акча которууну бекер жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Бул кызмат алгач пайдалануучулардын ортосунда иштейт. Бирок кийинчерээк бизнес багытта да кеңейтүүгө мүмкүн экенин билдиришти.

Келечекте, инженерлер өндүрүүчүнүн реалдуу киреше алып келе турган толук төлөм системасын түзүшөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!