“Facebook” кандай өзгөрүштөргө ээ болду?

30-Янв. 2018, Шейшемби, 10:57

Марк Цукерберг “Facebook”тагы жаңылыктар лентасында бүгүндөн баштап кандай өзгөрүштөр болоорун маалымдады.

«Адамдар бизге “Facebook”та жергиликтүү элдин жаңылыктарын көргүлөрү келерин жазышкан. Алардын айтуусу боюнча, жергиликтүү жаңылыктар тегеректеги проблемалардан, жашоого таасир берген жагдайлар тууралуу кабардар кылат. Ошол себептен бүгүндөн баштап биз сиздин жашап жаткан аймагыңызга катыштуу жаңылыктарды лентадан көбүрөөк көрсөтөбүз», - дейт Цукерберг өз билдирүүсүндө.

Анын айтуусу боюнча, “Facebook”тагы өзгөрүштөр алгач АКШда жүзөгө ашырылса, жыл аягына чейин башка дагы өлкөлөрдө ишке ашат.

Эскерте кетсек, буга чейин Цукерберг дүйнөлүк желе колдонуучуларынын туугандары менен достору жарыялаган кабарларды желеден көп көрүнүп, жаңылыктар менен кабарлар аз көрүнөрүн билдирген эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!