“Samsung”дун тарыхындагы эң кымбат смартфон

5-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 11:16

“Galaxy S9 жана S9+” “Samsung” тун тарыхындагы эң кымбат смартфондор болуп калуусу мүмкүн.

Быйылкы жылдын жаңылыгы болуп Түштүк Кореянын “Samsung” компаниясынын жаңы флагмандык смартфондору рекорддук баага баалануусу күтүлүүдө.

"@Ricciolо” аттуу атактуу инсайдер өзүнүн "Twitter”деги баракчасына февраль айынын аягында “Samsung” компаниясынын тарыхындагы эң кымбат “Galaxy” смартфондорун көрсөтөрүн маалымдаган.

Бул тема боюнча, күмөн санагандар да бар себеби “Galaxy S9” дизайн же функционалдык жактан да эч кандай жаңылык алып келбейт. Бааны көтөрүү кийинки жылы чыкчу “Galaxy S10” смартфонуна арналган деп эсептешет кээ бир экспеттер.

Эскерте кетсек, “Galaxy S9” жана “S9 +” “MWC 2018” көргөзмөсүндө тааныштырылышы күтүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!