“Apple” “iPhone 7” смартфондорун бекер оңдойт

6-Фев. 2018, Шейшемби, 10:05

"Apple” компаниясында түшүндүргөндөй, 2016-жылдн сентябрынан 2018-жылдын февралына чейин чыгарылган жана Кытайда, Японияда, АКШда жана Гонконгто сатылган смартфондор бекер оңдолот. Бул тууралуу компаниянын сайтында маалымдалат.

Интернет тармактагы көйгөйлөрдү жоюу үчүн төлөгөн колдонуучулар “Apple”ден чыгымдарды кайтарып берүүнү талап кыла алышат. Компания, ошондой эле, бузук “iPhone 7” смартфондорунун ээлери менен байланышат, эгер кардарлар март айынын аягына чейин кат алышпаса анда алар өздөрү корпорацияга кат аркылуу кайрылуу жасай алышат.

Буга чейин маалым болгондой, 2017-жылдын февраль айында компания мурда колдонулган жана калыбына келтирилген “iPhone 7” жана “7 Plus” смартфондорун саткан. Смартфондор АКШда гана кол жетимдүү, пайдаланылган түзүмдөрдү сатып алуу учурунда 50-70 долларга үнөмдөөгө болот.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!