Көз айнектен аба ырайын көрүүгө болот

8-Фев. 2018, Бейшемби, 15:58

““Intel” компаниясы акылдуу көз айнектеринин прототибин сунуштады. Түзүм проекция технологиясын колдойт, кошумча чындыкты көрсөтөт жана кадимки көз айнекке окшош”, -деп кабарлайт “The Verge”.

“Intel”дин билдирүүсү боюнча, гаджет чоң батареяга ээ эмес, кошумча модулдары жок жана диоптору менен кадимки көз айнектерден айырмаланбайт. Аксессуардын салмагы 50 грамм.

Оң жактагы линзада сенсор орнотулган. Ал аркылуу көздүн торчосуна (сетчатка) навигатор даректерин, аба-ырайы жана башка маалыматтар көрүнөт. Колдонуучуну алаңдатпоо үчүн, даректер линзанын ылдый жагына же башын төмөндү каратканда пайда болот. «Oк», «алга», «артка» башты ийүү сыяктуу жөнөкөй жандоолор аркылуу гаджетти башкарууга болот. Анда сенсорлук башкаруу мүмкүндүгү каралган эмес.

Азырынча, көз айнектин прототиби гана жасалды жана качан базарда сатыла баштаары белгисиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!