"Дүйнөнү бекер “wifi” менен камсыз кылам"

16-Фев. 2018, Жума, 10:08

Акыркы жаңылыктардын баардыгы Илон Масктын тегерегинде жүрүп жаткандай. Мунун албетте себеби бар. Дүйнөнү технологиясы менен таң калтырып гана койбостон, адамзат үчүн пайдасын тийгизүүчү жумуш жасап жаткан жагынан чоң жетиштикке жете алды.

“Tesla” унаасын алып учкан ракета орбитага чыгып, анын ичиндеги унаа Марска карай жол алды. Илон Маск бул жаңылыгынан кийин дагы бир жаңылыгы менен бөлүштү: "Spacex компаниясы келечекте космоско 4425 спутник учуруп, бүткүл дүйнөнү ылдамдыгы 1 гб жеткен бекер “wifi” менен камсыз кылам. Алгач 800 спутник учуруп АКШны бекер интернет менен камсыз кылууну көздөп жатам" ,-деди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!