«Apple» жаңы презентациясын сунуштады

19-Март 2018, Дүйшөмбү, 10:52

«Apple» компаниясы жыл сайынкы «WWDC» инженерлерине арналган 4-8-июнь аралыгында конференция өткөрөрүн маалымдады. Башкы жаңылык “iOS” системасы, “macOS”, “watchOS” жана “tvOS” системаларындагы жаңыртуулар болорун “Вести.ру” сайты билдирет.

Анимациялык анимоджи смайликтери “FaceTime” камерасы менен байланышта жумуш иштемекчи. Ушул аркылуу колдонуучулар түрдүү маскаларды видео чалуу маалында да пайдалана алышат.

Ошону менен бирге, «Не беспокоить» режими жаңыртылары күтүлүүдө. Ал эми “Siri” жардамчысы сунуштаган кызматтарына тереңирээк изилдөө жүргүзүү пландалууда. “MacOS” жана “iOS” системасын өнүктүрүү аркылуу “Apple” өзүнүн мобилдүү тиркемелерин ноутбуктар менен компьютерлерде колдонууга мүмкүн болмокчу.

Кээ бир эксперттердин пикири боюнча “Apple” компаниясы конференцияда жаңы “MacBook Air”ди тааныштырат. Айта кетчү жагдай компания белгилүү компьютерди ушул убакытка чейин эч жаңырткан эмес, болгону процессорун жаңылап, заманбап талаптарга ылайык жасап отурган. Ушул жылы кээ бир маалыматтарга караганда, компьютерге тунук “Retina” экраны жасалат. Ошону менен бирге жаңы ноутбук арзаныраак болот деп күтүлүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!