“Twitter” криптовалюта жарнамаларына тыюу салат

20-Март 2018, Шейшемби, 09:14

“Twitter” интернет тиркемеси криптовалюта жарнамаларына тыюу салууда. Бул тууралуу “ТАСС” маалымат булагы билдирет.

Аталган чечим эки жума ичинде колдонууга киргизилет. “Twitter” “ICO” жарнамалары менен бирге кээ бир нерселерди эске алып криптовалюта жарнамасын жарнамалоого чектөө койду.

Эскерте кетсек, буга чейин мындай чечимди “Facebook” тиркемеси жана америкалык “Alphabet” холдинги да кабыл алган эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!