“Apple” арзан “iPad” сунуштаганы турат

27-Март 2018, Шейшемби, 09:40

“Apple” компаниясы дагы бир иш-чара өткөрөт, анда “iPad”дын тушоо кесери болмокчу. Бул тууралуу “The Verge” жазып чыкты.

Арзан баадагы гаджетти бүгүн 27-мартта «Алма» компаниясы уюштурган иш-чарада тааныштырат. Имиштер боюнча, гаджеттин баасы 259 доллар турмакчы.

Иш-чарада «мугалимдер менен окуучулардын жаңы чыгармачылык идеялары үчүн» арналат. Балким компания сунуштай турган түзүм окуу программлары менен жабдыкталышы мүмкүн.

Алгач бул иш-чарада арзан баадагы “MacBook” сунушталаары айтылган эле. Ошентсе да, басылманын маалыматы боюнча, ал дагы деле иштелип жатат. Ал “MacBook Air”ди алмаштырары айтылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!