«Facebook»та тараган «BFF» сөзү коопсузбу?

27-Март 2018, Шейшемби, 11:27

«Facebook» социалдык желесинде акыркы убакта «BFF» сөзү аркылуу өз аккаунтуңуздун коопсуздугун текшерүү мүмкүндүгү бар деген билдирүү тарап жатат.

Чындыгында эле мунун пайдасы барбы? Колдонуучулардын пикири боюнча, эгер «BFF» сөзүн жазган кезде ал жашыл түстө болсо, анда аккаунтуңуз корголгон. Жышыл түс чыкпай калса, аккаунтуңуз кооптуу тургандыгын билдирет, анда сыр сөздү алмаштыруу керек.

Чындыгында, «BFF» — «Facebook Text Delight» аббервиатурасы, муну жазуу аркылуу маектешиңиз менен ортодогу байланышты бекемдей түшөсүз деген сөз. «BFF» кыскартылган сөз, «Best friends forever», тактап айтканда "өмүрүңүзгө эң жакын достор" дегенди билдирет. Бул «Text Delight»тин жалгыз буйругу гана эмес, «best wishes» сөзүн жазуу аркылуу кызыл түстү эффектини экраныңызга чыгарууга болот. Демек, «BFF» сөзү сиздин аккаунтуңуздун коопсуздугунун кепилдиги эмес. Бул дүйнөлүк желеде көбүрөөк убакыт өткөрүп, досторуңузду көбөйтүү, алар менен көп байланышта болуунун бир гана жолу.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү «Facebook» дүйнөлүк желесинин тегерегинде чыр-чатактар токтобой келет. Трамптын шайлоо алдында компаниясына кызмат көрсөткөн «Cambridge Analytica» компаниясы «Facebook» желесиндеги 50 миллион адамдын жеке маалыматтарын уруксатсыз пайдаланды деп айыпталып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!