Заманбап стилдеги мончолор

4-Апр. 2018, Шаршемби, 17:33

Жакшы натыйжага жетиш үчүн курулушту баштоодон мурда баардык нерсени ойлонуштуруу керек. Аны ишке ашыруу үчүн бир нече факторлорду эске алуу керек.

- Сизге курулуш үчүн канча жер аянты керек,

- топурактын сапаты жана дренаждык системаны уюштуруу;

- коммуникациялык байланыш системасы;

-канчалык көп керектейсиз;

-кандай материалдан салынат;

- чатырдын материалдары;

- жылуулоо системасы.

Эгер сизге жер тартыш болуп жатса өз колуңуз менен чакан мини-мончо курсаңыз болот. Ал эми эгер жыл бою пайдаланууну көздөп жатсаңыз, кийинүүчү кире бериш бөлмө тууралуу да унутпаганыңыз оң.

Кээде парга арналган бөлмө менен жуунуучу бөлмөнү бириктирип салган вариантагы мончолорду жолуктурсак болот. Мунун баары анын аянтына көз каранды. Дагы бир вариант катары баняны дөңгөлөк үстүнө курууга да болот. Аны трейлер, контейнер же болбосо жүк ташуучу унаанын будкасын колдонуу аркылуу кураштырып көрүңүз. Бир жерден экинчи жерге жылдыруу үчүн аны прицепке туташтырып орун алмаштырууга болот.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!