Дарак үстүндөгү эң бийик үй

14-Апр. 2018, Ишемби, 15:37

Бактардын үстүнө салынган үйлөрдү жалаң гана балдар жакшы көрбөстөн, ошону менен бирге чоңдор дагы четте калышпайт. Себеби алар элди өзүнө тартып жайлуу болот эмеспи. Ушундай үйлөрдүн бири 2004-жылы айлана-чөйрөнү коргоочулар тарабынан курулуп, бактын үстүнө салынган эң бийик үй аталган. Жана дагы дүйнөдөгү бакка курулган эң чоң үй болуп калды.


Бул үй Тасман аралында кем дегенде эки жүз фут бийиктике орун алган жана эки платформадан турат. Рекордсмен үйдө ашкана жана жуунучу бөлмө бар. Беш ай аралыгында анда алты адам жашаган. Алар токойлордун кыйлышына жана Австралияда жүрүп жаткан курулушка каршы дүйнөлүк коомчулукту көңүлүн бурдуру максатында бул кадамга барышкан. Азыркы учурда бак үстүндөгү эң бийик үй жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!