Абайла! Жыгылып кетчүдөй үй

29-Март 2017, Шаршемби

Бир караганда дөбөнүн четинде турган үйдө жашоо кооптуудай көрүнөт. Чындап келгенде андай деле коркунуч жок: абада жарым жеңил материалдардан жасалган бөлүгү калкып турат.

Тең салмактуулукту кармап турган үйдүн узундугу -100 фут (30,5 метр) түзөт. Ал Англиянын Суффолк графтыгында орун алган. Абада калкып турган биринчи бөлүк жеңил материалдардын жардамы менен куралган, ал эми экинчи бөлүгү бетондолуп бекем карматылып жасалган. Ал адам баласынын колу тийбеген табияттын курчоосунда салынган.

Ал эми үйдүн жасалгасына келсек сыртынан амбарга окшош келип, күндү чагылткан материал менен капталган. Интерьери жагымдуу жана элеганттуу. Көптөгөн терезелери, камин, ашкана, төрт уктоочу бөлмө жана жуунуучу бөлмөлөрү бар.

Короосунда гүлдөр өсүп, селкинчек абада калккан тамдын бооруна орнолоштурулган.

Бул үй “Living Architecture” компаниясына тийиштүү жана мейманкана катары иштетилет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!