Эң бийик имараттардын аты аталды

13-Апр. 2017, Бейшемби

Биринчи сыйлыкка Улуу Британиядан “Zaha Hadid” архитектуралык студиясы ээ болду.

"Жыл сайын өтүүчү “The Emporis Skyscraper Award” конкурста дүйнөдөгү эң мыкты делген он архитектуралык долбоор тандалды",- деп жазат “Business Insider”.

Бул конкруска катышууга дүйнөдөгү 100 метрден бийик, сыйлык тапшыруу аземине аз дегенде бир жыл мурда курулуп бүткөн имараттар катыша алат. Калыстар тобу имараттын сырткы гана көрүнүшүн эле карабай анын функционалдуулугун жана өзгөчөлүгүнө карап баа беришет.

Биринчи орун көп функционалдуулукка ээ комплекс “Galaxy SOHO” алган. Ал Пекиндин жүрөгүндө жайгашып "Zaha Hadid" студиясы тарабынан курдурулган. Анын негиздөөчүсү Заха Хадид араб улутунан чыккан британиялык архитектор жана деконструктивизм стилинин өкүлү болуп саналат.

Экинчи орунда жаңы токойлуу имаратты Кытайдын Нанкин шаарында тургузушат. Белгилүү болгондой ал суткасына 25 тонна көмүр кычкыл газын сиңирип, 60 кг кычкылтекти бөлүп чыгарат.

Бул долбоорду архитектор Стефано Боери ойлоп тапкан.

Үчүнчү орун Париждеги Ла-Дефанс бизнес борбору деп таанылган. Комплекстин бийиктиги 171 метр.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!