“Алладин” келечектин шаары (видео)

“Алладин” келечектин шаары (видео)
12-Ноя. 2018, Дүйшөмбү, 16:45

"Алладин" жана "Деңизчи Синдбад" мультфильмдерин көргөн чыгаарсыз. Арабдын жомокторуна шай келген жаңы шаар курулмакчы. Шаардын курулуш иштери башталды. Жаңыдан салына турган шаар Дубайда жайгашкан жана анын аты – "Алладин" деп аталат. 2014-жылдан бери жобону жүзөгө ашыруу тууралуу айтылып келет. Жалпы аймагы – 110 миң чарчы метрди түзөт.

Өлчөмү маанилүү эмес: кичинекей бөлмөнү кантип кенен кылса болот?

Мейкиндик көлөмү менен аныкталбайт, сиз өзүңүздү кандай сезесиз ошого байланыштуу. Чоң бөлмө, начар пландаштырылган жана көлөмдүү эмеректер адамды кысып, батпай ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн. Ал эми кичинекей, бирок жарык жана за гана эмереги бар бөлмө – кенендик тартуулашы мүмкүн.

Маселе – интерьердин кандай жасалгалангандыгында. Батир бир бөлмөлүү болсо да, ал жайлуу болушу мүмкүн. Кенендике көз чаптырыңыз. Түстөр, текстуралар, тик жана узунунан кеткен сызыктар, бөлмөдөгү эмеректи орноштуруу – баары маанилүү. Эгер сиз ушундай элементтерди башкара алсаңыз, сиз бөлмөнүн сыпатын толугу менен өзгөртө аласыз. Эң башкысы көп жарык берүү (түс жана жарык) жанаузундукка басым жасаңыз (тик). Бул кеңештердин жардамы менен кичинекей бөлмөнү кенен, жайлуу жана жарык кылып жасай аласыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!