Дүйнөдө биринчи жолу жер алдына конок үй салынды

Дүйнөдө биринчи жолу жер алдына конок үй салынды
19-Ноя. 2018, Дүйшөмбү, 10:12

Кытайда дүйнөдөгү алгачкы жер алдындагы мейман кана салынып бүттү. 18 кабаттуу “InterContinental Shanghai Wonderland” мейманканасы 90 метр тереңдиктеги эски карьердин ордуна тургузлган.

16 кабаты толугу менен жер алдында орун алган. Калган экөө суу алдында экен. 336 бөлмөнүн терезхелери үңкүрдү карайт.

Суу алдында орун алган бөлмөлөр атайы аквариумдар менен жабдыкталган. Бул суу алдындагы жашоону көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Отелдин территориясында бассейн, бар, спа-борбору сыяктуу түрдүү кызматтар көрсөтүлөт жана каякинг, альпинизм сыяктуу спорт түрлөрү менен машыгууга мүмкүнчүлүк бар.

Жобону ишке ашыруугы Мартин Йохма аттуу британиялык архитектордун эмгеги сиңген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!