Декорациядагы жаңылык 3D форматындагы керамика

31-01-2017

Прогресс бир секунд да өз ордунда турбайт, күн өткөн сайын технология өнүгүп, аны менен кошо жашообузга жаңылыктар кирип турат. Үч өлчөмдүү сүрөттөр да азыркы убакта өнүгүп, жашообузга аралаша баштады. 3D форматындагы туш кагаз, кафелдерге түшүрүлгөн сүрөттөр үйдүн кооздугун арттырууда.

Керамикага түшүрүлгөн 3D сүрөттөрү укмуштудай, ажайып кооздукка ээ.


Керамиканын бетиндеги сүрөттөр табигый жана табигый эмес пигменттердин жардамы менен ортого чыкты. Бул материалдын жардамы менен үйдөгү бөлмөлөргө каалагандай сүрөттөрдү түшүрүп алсаңыз болот. Кааласаңыз океандын, кааласаңыз жаратылыштын түрдүү кубулуштарын тарттырат.

Мындай материалды жууп тазалаган оңой, эч кандай көйгөй жаратпайт. Плиткалар суудан коркпойт жана буларды жуунучу бөлмөгө, дааратканага, бассейн сыяктуу жерлерге тарттырса ыңгайлуу. Азыркы убакта керамика эстетикалуу жана көп убакытка кызмат кылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!