Бакча үчүн оригиналдуу идеялар

25-Апр. 2017, Шейшемби

Жеке менчик бакчаң же жерин болсо – бул мөмө-жемиштерди гана өстүрүп койбостон, чексиз мүмкүнчүлүктөргө, эксперименттер жана идеяларды ишке ашыруучу жай болуп берет. Бул жерде өзүңүздүн фантазияңызга жараша чыгармачылык жөндөмүңүздү да ишке ашырсаңыз болот. Ал үчүн көп деле каражат коротпой колдо болгон нерселердин жардамы менен өзгөчөлүк киргизсе болот. Ошондуктан сизге бул багытта жардам берүү үчүн бир нече даяр идеяларды сунуш кылмачыбыз!

Бакчаңызга өзгөчө сиз сүйгөн гүлдөрдү бул сыяктуу тосмолор менен курчап койсо болот.

Тепкичке түрүндө жасалган бул тосмолор тоолуу аймактарда жашаган жайкы үйлөр үчүн төп келет.

Бул тизе бүгүп отуруп, турууп кыйналган адамдар үчүн табылгыс чечим болуп саналат. Мындай бийиктике асылып турган идиштердеги кооз гүл же кулпунайды өстүрүүгө өзгөчө ыңгайлуу болмокчу.

Ошондой эле бакчаңызга жолдорду өзгөчө ыкмалардын жардамы менен жасап чыксаңыз да көрк берет.

Арка сымал күндөн коргоочу салкын жерлерди өз колуңуз менен ишке ашырсаңыз арзан жана кооз көрүнмөкчү.

Дубалдарга гүл идиштерин орноштуруп, өстүрсөңүз өзгөчө кооздук берет.

Ыңгайлуу сугат системасын түзүп, сугаруу иштерине да кам көрүңүз. Бакчага суу түтүктөрүн орнотуп чачыратып сугаруу системасын орноштуруп алыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!