Түстү туура тандоо - ашыкча салмактан арылтат

4-Май 2017, Бейшемби

Аялзаты үчүн убактысынын эң көп бөлүгүн өткөргөн жай - ашкана. Көрсө, ашкананын жасалгаланышынан көп нерсе көз каранды экен. Туура тандалган дубалдын түсү тамакка болгон табитти көзөмөлдөгөнгө, а түгүл ашыкча салмактан арылууга жардам берет.

Сары жана бирюза түстүү ашкана - арыктар үчүн

Чакчайган сары жана бирюза түстүү өңдөр табитти күчөтүүчү касиетке ээ. Ашканаңызды апельсин түстүү сыр менен сырдап, терезеге бирюза түстүү парда илип койсоңуз - ашыкча арыктыгыңыздын маселеси чечилет. Сары түс оптимизмди, сергектикти чакырып, жылуулук берет. Ал эми бирюза түстүү өң көзгө жагымдуу таасир берет, нервдин чыңалуусунан арылтат. Эгерде ашканаңызды оңдоп-түзөөгө даяр болбосоңуз, анда жөн гана тамактанган столуңуздун маңдайына сары-бирюза өңдүү картина илип койсоңуз болот.

Боз-пушту (бледно-розовый)түстүү ашкана - толуктар үчүн

Ашыкча салмагыңыздан арыла албай жүрөсүзбү? Анда боз-пушту түс менен сырдалган ашкана сиз үчүн. Немис изилдөөчүлөрү тастыкташкан: бул түстөрдүн айкалышуусу тамакка болгон табитти жоготуп салууга жөндөмдүү.

Булардан тышкары...


Кызыл түстөгү ашкана - кыжырданууну күчөтүшү мүмкүн. Алгачкы күндөрү ал шаңдуу жана оригиналдуу көрүнөөрү бышык, бирок, бир айдан соң тажап, а түгүл ашканага киргиңиз келбей калышы мүмкүн.

Бирок, кызыл түс энергия берүүчү, дүүлүктүрүүчү, тамакка болгон табитти күчөтүүчү, жашоого болгон кызыкчылыкты жогорулатуучу касиетке ээ.


Көк түстөгү ашкана - тынчтандырууга, тамакка болгон табитти жоготууга жөндөмдүү. Бирок, көк түстүү ашкана анчалык жакшы көрүнбөйт, айрыкча ал түндүк тарапта болсо. Көк түс - жылуу, күн тийген, кээде ысык бөлмөлөр үчүн. Ал эми ашкана үчүн көгүлтүр түстөр ылайыктуу.

Жашыл түстөгү ашкана - маанайды көтөрөт. Жандуу жаратылыштын өңү болгон бул түс тамак сиңирүүгө оң таасир этет.

Сыя түстөгү ашкана - адамды тынчтандырат, жоошутат, бирок, табитти жоготот.

Сары түстөгү ашкана - бул түстү жарык жакшы тийбеген бөлмөлөргө колдонуу туура эмес. Болбосо ал күңүрт жана кызыксыз көрүнүп калат.

Эгерде ашканаңыз тар болсо...

Дубалдары ак же ачык түстүү боёк менен сырдалып, обойдо, дасторкондо, пардада майда сүрөттөр тартылса, бөлмө кенен болуп көрүнөт. Идиш-аягыңыздагы, майлыктагы сүрөттөрдүн майда болушуна көңүл буруңуз. Кичине ашкананы жасалгалоодо эске алынуучу нерсе: чоң-чоң сүрөттөрдүн, түстөрдүн кескин карама-каршылыгынан качыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!