Японияда карыларга арналган вигвам-коттеджи

22-Июнь 2017, Бейшемби

Япониянын Хонсю аралынын Ито шаарындагы токойлуу аймакта 2015-жылы “Джикка” деп аталган коттедж курулган. Ал жер тоонун чокусунда тегизделип жасалган жеринде жайгашкан. Долбоордун автору архитектор Иссей Сума болуп саналат.

Башында долбоор 60 жаштагы карыя ашпозчу жана коомдук кызматкерлер үчүн турак жай катары иштелип чыккан. Бирок кийин ал жерге дагы бир нече улгайган адамдарды жайгаштыруу чечими кабыл алынган.

Мындан тышкары, жергиликтүү уюмдар тарабынан карыяларга тамак жеткирип туруу кызматы ачылган. Ошондой эле карыган адамдар жана майыптар токтоочу жай уюштурулган. Коттедж бара-бара оорулуу жана каралбай калгандар үчүн хоспес катары колдонулуп калган.

Бул жай “вигвам”дын элесин берип турган өзгөчө архитектурага ээ. Беш башка бийиктиктеги конус формасындагы чатырлар бири-бири менен тоонун аскасы сыяктуу курулган. Алардын фасады тегиз жумшак нерсени элестетип, ачык өңдөгү жыгач тактайлар менен курчалган. Бир караганда өз-өзүнчө бөлүнүп тургандай сезилет, бирок чындыгында конструкциясы бир бүтүн болуп, бири-бири менен арка түрүндөгү кире бериштер менен бириктирилген.

Эң чоң бөлмөсү бул ашкана болуп саналат жана ал борбордук бөлүктөн орун алган. Калган бөлүктөрдө уктоочу, конок жана жуунучу бөлмөлөр орун алган. Жалпы аянты 100 чарчы метрди түзөт.

Интерьери минимализм стилинде жасалгаланган. Жарык чатырдагы люктар аркылуу жана тоголок терезелер аркылуу кирип турат.

Жуунучу бөлмөдө спирал түрүндө курулган бассейн курулуп ал майыптардын коляскалары акырындан түшүүсүнө ылайыктуу.

Жайлуу шарттар жана кооз табият тынч бейпил атмосфераны түзүп турат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!