Өзгөчө оюн аянтчалары

17-Июль 2017, Дүйшөмбү

2005-жылы Кито Фуджио кеңседеги жумушун таштап, көз карандысыз сүрөтчү (фотограф) болуп кеткен.

Акыркы 12 жыл аралыгында ал биз көп көргөн, бирок маани бере бербеген нерселерди анын ичинде өзгөчө аянттарды изилдеп келет. Жакында, ал Япониянын бардык бөлүктөрүндө жайгашкан кызыктуу оюн аянтчаларына көңүл бурду.

Цементтелип жасалган бул балдардын оюн аянтчаларындагы скульптуралардын көпчүлүгү жаныбарлардын элесин берип турат. Бирок кээде робот, үй курал-жарактары, абстрактуу фигуралар да кездешет.

Кито Фуджио өзгөчө скульптураларга жаркыраган кереметти берүү үчүн түнкүсүн аянтчаларга барып тартат. Бул оюн элементтери япондуктардын өзгөчө табитин ачып бергендигин.





Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!