Дүйнөдөгү эң чоң конок үй

1-Авг. 2017, Шейшемби

Дүйнөдөгү эң чоң конок үй «First World Hotel» Малазиянын борбор шаары Куала-Лумпурда орун алган. Имаратта 7 351 бөлмө бар. Андан улам ал Гиннес рекорддор китебине киргизилген. Мейманканада кызматтын баардык түрлөрү көрсөтүлгөндүктөн, шаардагы эң белгилүү туристик жай болуп саналат.

Экономика-класстагы мейманкана 7 миңден ашкан бөлмөдөн, 28 кабаттуу имараттан турат. Шаардан 51 чакырым алыстыкта татаал тоолуу аймакта “Genting Highlands” курортунун айланасында орношкон. Бул аймакта дагы беш конок үйү кызмат көрсөтөт.

2006-жылдан баштап мейманканага жалпы саны 35,5 миллионго жакын адам келген. 2006-жылдан баштап эң чоң мейманкана атагына ээ. 2009-жылы Лас-Вегастагы “The Palazzo” мейманканасынын аймагы чоңойтулгандан кийин, экинчи орунга түшкөн. Бирок, 2015-жылы “First World Hotel” толуктоо иштерин жүргүзүп, жанына дагы бир корпус курган. Анын аркасы менен кайрадан тизмекте биринчи орунга чыккан.

Инфраструктурасындагы дагы бир өзгөчөлүк бар. Ал мейманканага чейин асма көпүрө жолу тартылганында. Ал да Азиядагы эң ылдам жана эң узун асма көпүрө деген атакка ээ. Ошондуктан “First World Hotel”де эс алууну кааласаңыз асма жол менен барууну унутпаңыз. Автобус менен жетүүгө 1 сааттай убакыт жумшасаңыз, аркан жол менен болгону 15 мүнөттө жетесиз.


Келген туристтердин көпчүлүгү конок үйдөгү белгилүү казинодо ойноого жана шоппингге ашыгышат. Кийим дүкөндөрү, бассейн, теннис аянтчасы, гольф талаасы, боулинг, SPA, той кана, караоке, театр, кинотеатр, фитнес сыяктуу көптөгөн шарттар каралган. Ошону менен бирге балдарга арналган аттракциондор, парктар бар.

Дүйнөдөгү эң чоң мейманкана катары экинчи орунду ээлеп келген Лас-Вегастагы эки комплекс "The Venetian" жана “The Palazzo” конок үйлорүнүн 53 кабаттуу имаратында 7117 бөлмө бар. Белгилүү “Оушендин он үч досу” («Тринадцать друзей Оушена») кино тасмасы дал ушул конок үйдө тартылган. Ал эми үчүнчү орунда 6,8 миң бөлмөсү бар бир нече комплекстүү "MGM Grand Las Vegas + The Signature" конок үйү турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!