Таунхаус, пентхаус, батир: айырмасы кандай?

10-Авг. 2017, Бейшемби

Азыркы заманбап жашоодо көптөгөн турак жайлардын түрү пайда болуп, алардын бири-биринен кандай айырмачылыктары бар экенинин билүү кыйын болуп баратат. Ошолордун таунхаус пентхаустан же болбосо батирлердин эмнеси менен айырмаланаары туралуу сөз кылсак. Аны аныктап билип алуу үчүн булардын ар бири кандай жайлар экенин билүү керек.

Батир деген эмне?

Батир деп үйдүн ичиндеги курулуштун түрүү айтылат, белгилүү болгодой көптөгөн кутучаларды камтыйт. Ал бир нече бөлмөдөн, ашкана, ванна жана коридордон турат. Көп кабатуу үйлөрдөн негизги эшиктен чыгууга мүмкүн эмес. Мындан сырткары, бул үйлөрдө чарбалык буюмдарды сактоочу кладовка да каралат. Бул түрдөгү жайлар ар кандай болушу мүмкүн:

  • • Кадимки батирлер (бир, эки, үч же андан көп турак-жайлар);
  • Батир-студиялар;
  • шаардын сыртындагы көп кабаттуу турак үйлөр.

Батир-студиялар чакан болот жана көпчүлүк учурда ашкана, санузел менен бириктирилген бир эле бөлмөдөн турат. Шаардын сыртындагы батирлер-таунхаустардан бир аз айырмаланат.

Таунхаус деген эмне?

Таунхаус бул бир нече батирде турат жана алардын ортолору дубал менен бөлүнгөн, чатырлары да бир чоң жер үйлөрдү аташат. Ар бир батирдин сыртка чыккан эшиги ар башка болот. Тагыраак айтканда, бул өзүнчө бир шаардагы коттедж, бир нече сотых жер тилкеси бар, унаа токтотуучу жайы бар үйлөр аталып келет. Бир четинен таунхаус батирлеринде, жер үйдөгү табияттын койнунда жашагандай сезим калтырат. Башка жагынан алып караганда таунхаустар шаардын ичине киргендиктен аларды айылдагы үй деп атоо кыйын.

Пентхаус деген эмне?

Эгер батир жана таунхаустар кымбат баалуу турак үйлөрдүн катарына кирбесе, ал эми пентхаустар – байлыктын символдорунун бири. Бул термин жеке тургун үй (особняк) же болбосо имараттын жогорку кабатындагы батирди түшүндүрөт. Анын карамагында бүтүндөй жогорку кабатуу көп бөлмөлүү батирдикиндей функция кирет. Анда өзүнө гана тийиштүү лифт, эшик, тепкичи бар. Эрежеге ылайык пентхаус өз кожоюндарын сыртагы көрүнүшү жана кенендиги менен кубадырып туруу үчүн курулган. Ошондой эле анын ичинде бассейин, учактар үчүн конуучу жайлар, чакан гольф талаасы орун алган. Ошонусу менен алар элиталуу үйлөрдүн катарына кирет. Бирок, турак-жай саткан кызматкерлер көп учурда «пентхаус» терминин колдонуп, ар кандай кымбат балуу атрибуттары жок деле үйлөрдү атап келишет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!