Текчелер– интерьердин пайдалуу бир бөлүгү!

21-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Текчелер – үйдөгү өтө керектүү эмеректердин бири. Алар көп орун ээлебесе да канчалаган пайдалуу заттарды аларга коюуга болот. Ошону менен бирге интерьерибизге кооздук тартуулап, үйдүн көркүнө көрк кошот.

Текчелерди кайда илсе болот?

Текчелер – бул диван эмес жана чоң шкаф эмес, сиз аларга оңойлук менен орун таба аласыз.

Текчелерди күтпөгөн жерлерге орноштура аласыз: эшиктин үстүнө, терезе алдына, коридордо.
Текчелер бөлмөнүн дизайнын толук өзгөртө алат. Бул маселеге чыгармачылык көз караш менен карап, бир өңчөй китепкана же болбосо фотосүрөт галлереясын жасай аласыз.
Терезе арасындагы тар жерлерди сыйлыктар жана декоративдүү буюмдарды коюу менен кооздой аласыз.
Бир караганда бөлмөнүн бурчуна төмөндөн жогоруну көздөй кеткен функционалдуу текче орнотууга да болот.

Текчелерге арналган материал. Эмнеге көңүл бөлүү керек?
Текчелерге арналган кең таралган жана көпчүлүк жактырган материал албетте жыгач. Бирок өзүңүздү бул менен гана чектебеңиз. Текчелер дубалдын уландысы болуп отуруп, кирпичтен же болбосо бетондон да боло берет.

  • Жыгач композициялык материалдардан, пластамассадан же болбосо болоттон
    жасалган текчелер өзгөчө көрүнөт.

    • Ошону менен катар материалдар жана жабдуулар көп мааниге ээ.

    • Эгерде үйдө оңдоп-түзөтүү иштерин жүргүзүүнү пландап жатсаңыз анда дубалдан чыгып турган текче жасоону да ойлоп көрүңүз. Себеби ал өзгөчө жана бир жерден жылбай тура берет.

    Текчелерге жөн гана баардык керексиз заттарды тизип койсо да болот бирок, чыгармачылык көз караш менен кооздоп чыгуу менен көрк бере аласыз.
  • Текчелерди кандай илүү керек? Эгер тынчтык менен жайлуулукту кааласаңыз текчелерди илип, аларга буюмдарды симметриялык түрдө коюңуз. Эгер тескерисинче, жаңычылдыкты каласаңыз асимметрия түрүндө коюңуз.
  • Китепкана


    Китептерди декор элементтери менен бирдей колдонуп көрүңүз.

    • Китептерди түсү, көлөмү жана форматына жараша тизип коё аласыз.

    •же болбосо ар түрдүү көлөмдө жана калыңдыкта койсо да болот.

    •Китептерге арналган атайы кармагычтарды колдонсоңуз, ал бир жагынан текчеге өзгөсө стиль берип, бир жагынан кулап кетпегидей кылып кармап турат.

    Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!