Чатырды туура пайдалануу идеясы

Чатырды туура пайдалануу идеясы
20-Сен. 2017, Шаршемби, 12:45

Эгер сиз үй куруп жатсаңыз же оңдоп-түзөтүү иштерин колго алсаңыз, анда суроо туулат чатырды кандай пайдалануу керек деген. Чатырдын алдындагы кичинекей жер-бул бошко кетирбөөнүн кошумча метрлери.

XVII кылымда тажрыйбалуу архитектор Франсуа Мансард жер үнөмдөө максатында үйүнүн жогорку кабатына кызматчылар менен жумушчуларды жайгаштыруу менен өзүнүн тапкычтыгы мынчалык белгилүү болоорун болжобогон чыгаар. Мансард-азыркы күндө популярдуулуктун туу чокусунда. Эч ким кошумча кабатты эскербейт: элиталык үйдүн ээлери да, дачасы барлар да. А бирок ар бир кошумча метр “алтынга тете”. Керек болсо эң жөнөкөй чатыр үй ээсине толугу менен кызмат кылат: кышында эски заттарды сактоо үчүн, ал эми жайкысын эс алуу үчүн.

Бул учурда билүүгө тийиш эң башкысы- чатырга чыгуунун оңой жолу, жарыктандыруу жана желдетүү. Чатыр- жылуу күндөрү үйдөгү ысык, ал эми күзүндө жана жазында нымдуулукка жакын бөлмөгө айланат. Бөлмөнү желдетип туруу үчүн төбөдөгү люк-терезени пайдаланыңыз. Ал эми чатыр анча чоң эмес болсо жана балдар бөлмөсү кыла турган болсоңуз анда көбүрөөк жарыктын кирүүсүн камсыз кылыңыз.

Аталган люкту туура орноштурган учурда, чакан ремонт иштерин жүргүзүүдө чатырга коопсуз жетүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Эгерде чатырды сезондук заттарды сактоону пландаштырсаңыз, анда мансардка тепкич керек болот. Алар ишенимдүү жана толугу менен жыйналып төбөгө коюлат. Мындай конструкция сизге төмөнкү кабатагы мейкиндикти үнөмдөөгө мүмкүндү берет.

Мансард же чатырды пайдалануудагы идеялар:





Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!