Эски имараттарды заманбап жасалгалоо

25-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 13:57

Эски имараттар, өзгөчө, бүгүнкү ири шаарларда эстетикалык архитектуралык тарыхый элементтерин жана маданиятын сактап калуу болуп саналат. Бүгүнкү күндө, шаарлар тездик менен өсүп, бийик-бийик жаңы заманбап имараттар салынууда. Бирок эски имараттар ар дайым шаардын борборлоруна маанилүү үлүш кошуучу жана ошол шаарыдын тарыхынан кабар берип турат эмеспи. Бактыга жараша, биз ушул күнгө чейин тарыхый жана маданий өзгөчөлүктөрдү сактап калган шаардын борборлорунда орун алган эски имаратарды кездештирүүгө болот.

Эски имараттагы көп бөлмөлүү үйлөргө арналган долбоорлордо заманбап эстетикалык маанай сакталып, заманбап эмеректер менен иштелип чыгууда. Эски имараттардын текстурасын бузбай, азыркы замандын стилинде жасалгалоо деген эмне?

Салттуу жана азыркы заманбаптын керемет айкалышуусу

Шаардын борборунда орун алган тарыхый үйлөр тууралуу сөз кылсак да, бүгүнкү маалда айылдагы эски таш үйлөрдү калыбына келтирүү жана салттуу заманбап дизайн менен жасалгалоо кең таралууда. Өнөр жай стили – заманбап жана салттуу дизайнды бириктирген керемет ыкмалардын бири. Металл менен жыгачты пайдалануу заманбап элементтерди, салтуу текстура менен бирге калыпташтырып, керемет айкалышууга ээ болууга болот.

Ашкана

Мисалга алсак, эски бир үйдөгү ашкана бөлмөсүнүн жөнөкөй жана кооз стилин көрүүгө болот. Жердеги полдун геометриялык элементтери менен өзгөчөлөнүп, ал андан ары бөлмөнү тереңдетип, салттуу ашканадан арка аркылуу тегиз заманбап ашканага өтүүсүн камысыз кылып турат. Декорация учурунда колдонулган бул үлгү - өткөндү жана келечекти бириктирген стилдүү дизайндын бири болуп саналат.

Уктоочу бөлмө

Бул сүрөт аркылуу узун уктоочу бөлмөдөгү эски батирлерде көп кездешүүчү элементтер болуп жыгач терезе рамаларын байкоого болот. Азыр жыгач терезелер желим терезелерге алмашылган. Бирок алар менен жагыч терезелердин эстетикасын толтурууга мүмкүн эмес. Мында жыгачтан жасалган материалдарды өзгөртпөстөн терезенин башкы көрүнүшүн сактап калуу менен үйдүн салтуу жана стилдүү эстетикасын сакталды.

Конок бөлмө

Айтылгандай эски имараттардын тарыхый элементтери сакталса керемет жана көзгө түшүп турат. Буга мисалы катары, эски имаратты жасалгалоо учурунда конок бөлмөдөгү жыгач полдун бул түрү жаркын жана азыркы күндөгү керемет дизайндага ээ. Төбөдөгү жасалга, жыгач терезе конструкциялары жана кенен эшиктер эстетиканын катарына кирет. Ошону менен бирге, бөлмөгө алып барчу кош канаттуу француз эшиктери ностальгияга чөмүлтүп, өзгөчө атмосфераны туртуулайт. Бул мисалда эң маанилүүсү – убакыт талабына шай келген салттуу дизайн ар дайым өзгөрүп, азыркы жашоого ыкташып кете алгандыгында.

Жуунучу бөлмө

Ванналарда эски элементтерди сактоо – бүгүнкү күндүн тенденциясы, эскинин имитациясы. Ванналарда жасалгаланган көз карандысыз салттуу текстураланган элементтер бүгүнкү күндүн эң көрүнүктүү бөлүктөрүнүн бири болуп саналат. Эски стилдеги төбөдөн полго чейин келген жыгач терезелер ушул дизайндын маанилүү бөлүгү болуп эсептелет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!