Анджелина Джолинин жаңы үйү

18-02-2017

Малибудан Калифорнияга көчүп келген Джолинин жаңы үйү 770 чарчы метрди түзөт. Ошону менен бирге мурунку үйүнө караганда баасы да бир аз арзан. Анджелина Джоли жаңы көчүп келген үйүнө айына 30 миң доллар төлөйт.

Бул үй АКШлык актёр Чарли Шиндин мурунку жубайы Дениз Ричардсга таандык болгону белгилүү болду.

Үй 6 уктоочу бөлмөдөн жана 8 жуунучу бөлмөдөн, 800 метрлик жайкы үйү да бар экени белгилүү.

Түнкү клуб стилиндеги көп тилкеси бар үй, терезе пардалары кызыл тукабадан жабылган көшөгө менен кооздолгон. Ашкана бөлмөсүндө 10 орундуу стол стулдары бар. Мындан тышкары, очок мештери (каминь) менен кийимдери үчүн бөлмө да өзгөчө кооз.

Жайкы үй барбекю үчүн өзүнчө бөлүк катары салынган, сыртта жайгашкан ашкана жана эс алуу зонасы каралган. Үй жаныбарлары үчүн да өзүнчө бөлмөлөр жайгашкан, иттери эркин ойноп, бакчага да чыга алышат. Ричардс 2008-жылы бул үйгө көчүп кирип, 7.75 миллион долларды үйдүн оңдоп- түзөтүү иштерине жумшаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!