Интерьерди кымбат көрсөтүүчү нерселер

1-Ноя. 2017, Шаршемби, 15:01

Сиз кандай үйдү кыялданасыз? Үйдү сатып алуу, ремонттоо же болбосо батирди ижарага алуудан мурда ар ким өзүнө ушул суроону берсе керек. Ар кимдин табити ар башка эмеспи. Бирок, сиздин сүйүктүү интерьер стилиңиз кандай гана болбосун, үйдү бир эле убакта жайлуу жана стилдүү кылгыбыз келет. Мунун баарын эң төмөнкү каражат салуу менен ишке ашырууга мүмкүнбү? Эмнеге болбосун? Эгер сиз, албетте, Эрмитаждын же Улуу Екатерина сарайынын интерьерин кайталабасаңыз гана. Бул эрежелер, ыкмалар менен маалыматтар үйдү кымбат жана саркеч көрсөтүүгө жардам берет!

1. Комплекстүү түстүү композициялар

Эсиңизде болсун: 4 жолу туш кагаздар менен чапталган дубалдар, ар дайым кургак болот. Алар өзү жаман эмес, бирок дубалга акцент жасалган интерьер, өзгөчө принттер, түстөр жана текстура менен шайкеш келип кымбат жана көп кырдуу көрүнөт. Маанилүү жагы - түс схемасынын өзү болуп саналат. Мисте өндөгү туш кагаздар жашыл өңдөгү туш кагаздарга караганда элегантуу көрүнсө, ал эми кофе, бежевый жана кочкул-кызыл түстөгү үч тандем түс кызыктуурак көрүнөт.

2. Каралжын жана кара жыгач

Кара элементтер менен интерьерди толуктоо адатта өзгөчө көрүнүш тартуулайт. Мейли эгер полго кара түстөгү паркет төшөсөңүз же кара түскө боёсоңуз кара өңдөгү эмерек менен толуктайсызбы анын мааниси жок. Биринчиден ал бөлмөгө кандайдыр бир чектөө коёт, айланада интерьерди түзүүнү жеңилдетет. Ал эми экинчиден ал жаркын көрүнөт. Эң башкысы – кара текстура менен ашачапай, үйдү караңгы бир үңкүргө айландыруудан сактаныңыз.

3. Кызыктуу жабуулар

Чындап келсек көпчүлүк эмерек саткандар бизге сапатсыз жабууларды сунушташат. Жана бул көпчүлүк учурда жагымсыз көрүнөт. Кездемелерде эч кандай кооздук да, сапат да калбайт. Ал эми чындыгында жакшы эмерек кымбат жана өтө эле кумбат турат. Ошондуктан көптөгөн дизайнерлер менен декораторлор белгилүү бир эрежени карманышат: алар өтө кымбат эмес эмерек сатып алышат да, аны кымбат кездеме менен каптап коюшат. Ушул ыкма аркылуу акчаңызды үнөмдөп, кымбат балуу эмрекке кол жеткиресиз.

3. Жыгач полдор

Көп каражатка сатылып алынган линолеумга карганда орточо баадагы жыгач тактайлары арзан түшөт. Ошону менен бирге, бул табигый жана ар кандай интерьерге шай келет. Ал үчүн сизге чебер уста болуунун кажети жок, болгону полго төшөлгөн жыгачты тегиз кылып сүрүп, боёп коюу гана керек.

4. Туура тандалган пардалар

Интерьерди өзгөртүүгө арналган пардалар бар, бирок, кээ бир маалыматтарды биле жүргөн оң. Атап айтканда, жакшы пардалар сапаттуу материалдан тигилип, тыгыз жана эки кат болуусу керек жана чектелген принттер болушу кажет. Узундугу - 5-7 сантиметрге чейин полго тийип туруусу абзел. Бул ыкма бөлмөнү бийик көрсөтүп, жагымдуу жайлуулук тартуулайт. Эскертүү! Тюльге арналган жылтырак гүлдүү кооздуктар болбошу зарыл.

5. Кымбат деталдар

Толуктоолор жагдайды жандандырып да, “күйгүзүп” да жибериши мүмкүн. Желим рамалар, шамдар менен жана башка керексиз нерселердин көптүгү интерьердин көркүн ачпайт. Бирок стилдүү идиш-аяк, сапаттуу кездемелер менен жасалгаланган үй эмректери анын «мартабасы» үчүн жумуш иштейт. Алардын катарына эшик туткалары, эмрек жана шамдарга арналган туткалар кирет.

6. Бир стилдеги батирлер

Заманбап батирлерде көпчүлүк учурда ашкана бөлмөсү хай-тек стилинде жасалган. Классикалык же псевдо-классикалык стилде уктоочу бөлмө өзгөчө кооз жасалгаланган. Кире бериш коридор менен ванна өзгөчөлүккө ээ болуда. Жана ушул баардык интерьердин ички байланышын бир баатир түзүп турат.

7. Тартип

Канчалык маанилүү болсо да, бош орун, бош үстөлдөр, заттарды сактоого арналган сырдуу жана жашыруун жерлер интерьерди саркеч жана кымбат кылып көрсөтөт. Анткени бай адамдар балконго баардык керексиз заттарды сакташпайт.

Жалпысынан алганда, «кымбат» интерьер бул эң алгач өзгөчө табит менен жасалгаланган стилдүү интерьер. Ал эми акчага табитти сатып ала албайсың!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!