Жылытууну талап кылбаган үй

23-Ноя. 2017, Бейшемби, 15:26

“Pop-Up” - энергия үнөмдөөчү пассивдүү үй

Жер үйлөрдү жылытууда баардык энергиянын үчтөн бири колдонуулат. Ошондуктан, азыркы убакта үй салуу учурунда анын максималдуу жылуу болушу өтө маанилүү. Бул факторду эске алып, архитектуралык студиянын биринин инженерлери энергияны үнөмдөй турган үй концепциясын иштеп чыгышты.

Архитектуралык проект “MultiPod Studio” студиясына таандык.

Француз архитектура студиясынын “MultiPod Studio” инженерлери тарабынан поп-үйдүн пассивдүү долбоору сунушталды. Бул үйдө бир чарчы метрге 15 кВ / м²-ден төмен энергия колдонулат. Үйдөгү жылуулуктун чыгышын азайтуунун аркасында бул долбоор ишке ашыты.

Үй 4 күн ичинде кураштырылып бүткөрүлөт

Архитектуралык студия кол жетимдүү баада жогорку жылуулукту камсыз кылчу пассивдүү үйдү патенттеди. Эң негизгиси бул үйдүн чакандыгы, имараттын туура геометриясы, тыгыздыгы жана тийиштүү желдетүү каралган.


Пассивдүү үйдүн интерьери

«Pop-Up» жеңил жыгач тактайлары менен капталып, бөлүнгөн блоктор менен жыйналган. Анын орнотуу үчүн 4 гана күн кетет. “Pop-Up” үйүнүн алгачкы прототиби Франциянын түштүгүндө салынган. Төмөн баа жана жогорку сапатагы бул жобо атаандаш боло алат.



Дагы бир электр энергиясын үнөмдөөчү үй “Eco Perch” деп аталып, “Forest Blue” архитектуралык фирма тарабынан сунушталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!