Кыялындагы үйдү алты жумада курду

6-Дек. 2017, Шаршемби, 16:04

Саякатчы фотограф Стив Арин өзүнүн кыялындагы үйдү куруу үчүн чөнтөгүндө болгону 9000 доллар бар эле. Ал анча чоң эмес участок сатып алып, стандарттуу эмес идеяны ишке ашырды. Көптөгөн адамдар анын бул кыялынын ишке ашуусуна күмөн санашкан. Бирок анын тырышчаактыгы менен колунда болгон каражаты укмуштуудай үйдү куруп жашоого жетиштүү болду.

Стив өзүнүн тайланддык досу Хайар менен кездешкенде идея жаралган. Ал эми досу үй куруу менен алектенет. Фотограф манго өскөн жерден участок сатып алып, жумушуна киришкен. Кирпичти туура коюга жардам берген анын досу менен күйөө баласы жардамга келишкен.

Үйгө болгону 6 000 доллар акча сарпталган. Европа өлкөлөрүндө бул каражатка үй куруу мүмкүн болбойт эле.

Аягында Стив үйдү ачык кызгылт түскө боёгон. Бул өң үйдүн көрүнүшүн айтаарлыктай жандандырган.

Үй сыртынан өтө кичинекей көрүнгөнү менен чындыгында өтө оң. Ар бир бөлмө өзгөчө жасалгаланган.

Мындан сырткары, үйдүн өзгөчөлүгү бул тынчтык жана жайлуулук. Мындан өткөн кереметти кайдан табууга болот эртең менен турганда үйдүн түбүндө өсүп жаткан манголорду чогултуп рахат алганга эмне жетсин! Ал эми биз бул үйдө жашаган кандай сонун деп гана элестете алабыз.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!