Үй сатып алаардан мурда

11-Янв. 2018, Бейшемби, 10:10

Сатып алып жаткан үйдү кантип текшерүү керек?

Жарнама менен ортомчунун жардамы менен баасы сизге ылайыктуу келген батирди же жер тамды сатып алдыңыз дейли. Сатуучу менен келишип үйдү көргөнү барганда алгач эмнеге көңүл бөлүү керек экенин билип алыңыз. Алгач эле үйдү сатып алаарда анын:

1. Жайгашкан районунун

2. Кандай материалдан салынганы

3. Борбордук жылытуу системасына кошулгандыгына маани бериңиз.

Андан соң гана жаңы батирди төмөнкү 5 критерий боюнча текшерип көрсөңүз болот.

Критерий

Маселелер

Эмнени текшерген оң?

Кабат

Биринчи кабатта — жертөлөнүн нымдуулугу, көчөдөн келген жыт менен ызы-чууну, уурулардан сактануу чараларын.

Жертөлөөнү, үй турган аймакты, үйдүн айланасындагы тазалыкты текшериңиз.

Эң жогорку кабаттан — чатырдан суу агышы мүмкүн

Чатырды качан акыркы жолу ремон жасаганын сураңыз. Дубалдарды карап көрүңүз, эгер чатырдан суу акса нымдуу же суунун изи калат.

Крандан суу агызып көрүңүз— жогорку кабаттарда адатта суу акырын агат, же ысык суу жетпей муздак суу агат.

Жарык

Оң Түштүк тарап

Жылуу жак. Бөлмө гүлдөрүңүз менен аквариумуңуз болсо коюга ыңгайлуу.

Сол Түштүк тарап

Эгер бөлмө ичиндеги бир аз карангылыкты жактырсаңыз.

Батыш-чыгыш

Эртең менен жана кечинде күн баардык бөлмөлөрдү жарык кылып турат.

Кабаттагы батирлердин саны

Төрттөн көп болгону жаман

Ызы-чуу жана тар болгондуктан, кошуналар менен батышып жашоо керек болот.

Дубал менен лифт

Дубал менен лифт шахтасы жакын же уланып кеткени жаман

Лифттин жүргөнү батирге кандай таасир берерин текшерип көрүңүз, себиби кээде катуу үн чыгып, тынчтык бербеши мүмкүн.

Кошуналар

Көп болгону жаман

Кошуналар көп болгон сайын батир ызы-чуу боло түшөт. Мүмкүн болсо, кошуна жана кабатташ кошуналардын ичимдикке кумарларынын бар-жогун байкаңыз.

Батирди көргөнү бара жаткан кезден баштап анын кандай райондо орун алганын байкаштырып көрүңүз. Үй турган территориянын абалына маани бериңиз:

Абанын тазалыгы;

Балдар аянтынын абалы кандай? Айлана таза болушу керек;

Эшик алдында отурган чоң энелерди сөзгө тартыңыз, себеби алар үйдүн сатуучусу айтпаган «маалыматтарды» жайып салышат. Ошентсе да, алардын сөзүнө ишене берүүнүн кереги жок;

Унаа кыймылынын канчалык ыңгайлуу экенин, унаа токтотуучу жайдын бар экенине да көңүл бөлүңүз;

Жакын жерде мектеп менен бала бакча болуусу керек;

Айланада бак-дарактар менен сейил парктары болгону жакшы.

Батирди күндүз жарыкта көрүп чыгуу керек, себеби бөлмөнүн канчалык жарык экенин ошол кезде көрүүгө болот. Кечки караңгы маал бөлмөдөгү жарыктар менен кемчиликтер көрүнбөй калгандыктан, күн батканданы кийин батир көрүүгө барбай эле койгонуңуз оң.

Ошондой эле телефонуңузга баардык көргөн кемчиликтерди тартып алыңыз. Баатирдин баардык бөлмөлөрүн аралап, алгачкы таасириңиз басылган кезде кемчиликтерди салыштырып кароого болот. Терезеден эмне көрүнөрүнө маани бериңиз — кайсы багытка карай чыгат, айланада эмне турат? Эгер балаңыз болсо, балдардын оюн аянты көрүнүп турган жакшы.

Батирдеги бөлмөлөрдүн орун алышы

Батирдеги бөлмөлөрдүн орун алышы өзүңүз каалагандай болушу керек. Ошентсе да бөлмөлөр ыңгайлуу орун алуусу кажет. Ошого байланыштуу бул нерселерге көңүл бөлүңүз:

Эгер батир эки бөлмөлүү болсо, бөлмөлөр бөлөк орун алуусу керек;

Бир бөлмөлүү батир жарык болуусу керек;

Бөлмөлөрдүн кирип-чыгуу ыңгайлуулугу, коридордун кенендигин караңыз;

Дараткана менен жуунучу бөлмө бөлөк болгону ыңгайлуу, ал эми бирикени көп жерди ээлебейт. Өзүңүзгө кандай болгону ыңгайлуу болсо ошону тандаңыз.

Адистердин кеңеши боюнча, үй-бүлө үчүн кенен эки бөлмөлүү батирден көрө, чакан, бирок үч бөлмөлүү батир алганы оң дешет. Бул келечекте адам санына байланыштуу кайрадан көчүп жүрбөш үчүн тура тандоо болушу мүмкүн.

Батирдин инфра курулушун карап чыгыңыз

Техникалык инфра курулуш — ремонттун эң кымбат бөлүгү. Батирдин төбөсүн көрүп, электр зымдардын кандай орношконун сураңыз, сантехника менен жылытуу түтүктөрүнүн абалы менен таанышыңыз. Вентиляция менен үңдөрдү (шумоизоляция) текшерүүнү да унутпаңыз. Терезе менен бурчтарга көз салыңыз: эгер бөлмө нымдуу болсо, анда көгөргөн жер көрүнүп турат. Батир буга чейин ижарага берилип келген болсо, үйдү сатып алгандан кийин кулпусун алмаштыруу кажет. Мындан сырткары,батирде эсептегичке да көз жүгүтүңүз, акыркы жолу качан текшерилгенин көрүңүз.

Соодалашууга себептер

Алганы жаткан батирде аталган кемчиликтер болсо, соодалашып, үйдү төмөн баада алууңузга болот.

«Кооптуу аймак». Үйдүн жанында бөлтөлкө жатуусу мүмкүн. Ал батирди сатып алуу-албоо өз эркиңиз. Бирок ушундай кошуналар — бааны түшүрүүгө жакшы себеп боло алат;

Дубал суук жана нымдуу болсо;

Буручтан орун алган, же биринчи кабаттагы батир;

Балкон эски, кооптуу жана айнек менен жабылбаган болсо, батирге келген чаң менен ызы-чууну жүйөөлү себеп катары бааны түшүрүүгө болот

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!