Керексиз буюмдар үй ээсине зыян алып келет

1-Фев. 2018, Бейшемби, 10:20

Үй - адамдын жаны жана денеси жашаган жер. үйдүн ичиндеги бардык буюмдар кандайдыр бир деңгээлде үй ээсинин аң-сезимине, жеке жашоосуна, ден соолугуна жана келечегине таасирин тийгизет. Үй ичинин жакшынакай, жагымдуу, тыкан көрүнүшү андагы керексиз буюмдардын аздыгына же таптакыр жоктугуна да байланыштуу болот.

Хлам деген эмне?

Хлам - бул үйгө оң энергиянын келишине тоскоолдук кылган керексиз буюмдар. Алар үй ичинде ашыкча орунду ээлеп, чаң чогултуп эле тим болбостон, үй жыйноо учурунда кожойкенин ашыкча убактысы менен күчүн алат, Дегеле, үйдө турган ар бир буюм ошол үйдүн ичиндеги энергия менен "азыктанып" турат. Кээ бир буюмдар үйдөгү терс энергияларды соруп алышат, үй ээлерине бакыт алып келишет. Ал эми айрымдары, тескерисинче, терс энергия бөлүп чыгарышып, бактысыздыктын келишине өбөлгө болушат.

Үйдүн ичи - бул анда жашаган адамдар менен жансыз буюмдардын ортосунда тыгыз байланыш жүргөн, өзүнүн жеке энергиясына ээ мейкиндик. Бул жашоодо жандуу жана жансыз табияттын ортосунда дайыма энергия алмашуу болуп турарын ар бирибиз биле жүрүшүбүз керек. Адам өзүнүн энергиясын сактоого үйрөнүүсү зарыл. Мисалы, жаңы сатып келинген жакшынакай картинаны үй ээси кубанып, оң эмоция менен кабыл алат. Ал эми бул оң эмоция үй ичиндеги жалпы энергияны түзөт. Эски буюмдар болсо өзүнө качанкы бир убакта болуп өткөн эски эмоция менен эски сезимди, эски ойлорду сактап турат жана терс энергия берет. Андыктан, аларды сактабай эле коюу туура.

Адамга терс энергия берүүчү буюмдар

Сизге жакпаган же сиз таптакыр колдонбой турган нерселердин баары.

Сынган, талкаланган буюмдар, чети кетилген жана жараңка кеткен идиштер.

Бирөөнөн алган, бирок жактырбаган белегиңиз.

"Качандыр бир убакта кереги тийип калат го" деп ойлоп сактаган, а чындыгында, керексиз нерселер.

Унутта калган, эскирип бүткөн открыткалар, каттар.

Ичи бош эски гүл өстүрүүчү идиштер.

Сиз эч убакта колдонбой турган ар кандай тамак-аштардын рецепттери жазылган китеп-дептерлер.

Мөөнөтү эбак өтүп кеткен, жарабай калган кагаз-документтер.

Эч качан окулбай турган пайдасыз гезит-журналдар, китептер.

Жазбай калган калем саптар.

Жарым-жартылай колдонулуп, ошол боюнча колдонулбай калган косметикалар.

Түгөнгөн косметиканын бош идиштери.

Жаңы, бирок чак болбой же жакпай калгандыктан, эч качан кийгиңиз келбеген жана эскирип, жыртылып бүткөн кийимдер.

Эски, жыртык байпактар, сүлгүлөр.

Жыртылган, кийилбей калган бут кийимдер.

Мөөнөтү өтүп кеткен, жегенге жараксыз тамак-аштар.

Пайдаланылбаган бош бутылкалар, целлофандар, желим идиштер, коробкалар, календарь жана плакаттар.

Соолуп калган гүлдөр.

Жараксыз диск, кассеталар, батарейкалар.

Кантип арылса болот?

Башкысы, сизге пайдасыз буюмдар чын эле пайдасызбы, кереги жокпу, ушуну түшүнүңүз. Аларды таштандыга ыргытардын алдында өзүңүзгө төмөнкү суроолорду бериңиз:

- бул буюм мен үчүн баалуубу жана чын эле керекпи?

- акыркы бир жылдын ичинде мен бул буюмду эч болбосо бир жолу колдондумбу?

- бул буюм менде кандай эмоцияны пайда кылат?

Өзүңүздү ушинтип текшерген соң ишти жөнөкөйүнөн баштаңыз. Дароо эле үйдүн баарын ирээттеп чыгууга киришпеңиз. Ошондой эле керексиз буюмдардын баарын дароо ыргытуунун да кажети жок. Баарын акырындык менен абайлап жасасаңыз, жашооңуз да жакшы жагына жеңил жана тез бурулат. Алгач бир жашиктин, же шкафтын, же бир бөлмөнүн гана ичин хламдан тазалап чыгууну көздөңүз жана буюмдарды бир канча категорияларга бөлүп алыңыз:

- сактала турган керектүү буюмдар;

- башка жерге коюуга, ордун алмаштырууга зарыл болгон буюмдар;

- ыргытып жибере турган буюмдар;

Мындайда сизге ишенимдүүлүк өтө керек. Ишенимдүүлүктүн аркасында гана керексиз деп эсептеген буюмдардан арылсаңыз, бөлмөңүз бошоп, керектүү буюмдар үчүн орун пайда болот.

Кээде сизге керексиз буюмдар башкаларга керек болуп калышы мүмкүн. Демек, бул хламдан дароо арылуу керек эмес экендигин дагы бир жолу айгинелейт. Жакшылап ойлонуп, алардын айрымдарын дос-тааныштарыңызга, туугандарыңызга, жетишпеген үй-бүлөлөргө, жетим-жесирлерге белек катары берип коюңуз. Анткени, үйүңүздө чаң басып жаткан кээ бир буюмдар башка адамдарга кубаныч тартуулашы мүмкүн.

Керексиз буюмдардын чогулуп калуусунун себептери

Сизге кереги жок болсо да кимдир бирөөнөн мураска калган же бирөө белекке берген, ошон үчүн эле ыргытпайсыз.

Жакпайт, ошондуктан, колдонгон жоксуз.

Кийин керек болуп калабы деген ой менен сактап жүрөсүз.

Ыргытып жиберүүгө кудуретиңиз жетпейт, жүрө берсин дейсиз.

Кайсы бир убакта кымбат баада сатып алгансыз, ушул себептүү ыргытып жиберүү оор ж.б.

Адамдын жашоосуна тийгизген терс таасирлери

Оң энергияңыздын баарын өзүнө соруп алып, кайра терс энергия бөлүп чыгарат.

Бат-баттан депрессияга түшүп турууңузга себеп болот.

Эмоционалдык, физикалык жактан өзүңүздү жаман сезесиз.

Көп чарчап, дем алууга аба жетпей жаткансып кыйналасыз.

Алар башыңыздан өткөн жагымсыз жашооңузду унутууга мүмкүнчүлүк бербейт.

Ден соолугуңуз начарлап, ар кандай оорулар пайда болот.

Ийгиликтерге мүмкүнчүлүктөрүңүз чектелет.

Жеке жашооңуз тынч эмес, чыр-чатактуу болот.

Проблемаларыңыз өз учурунда чечилбейт.

Жаткан диваныңыздын алдында хлам бар болсо, уйкуңуз тынч болбойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!