Үйгө керектүү гаджеттер

27-Март 2018, Шейшемби, 13:37

Тегерегибиздеги нерселер ыңгайлуу жана кооз гана эмес, ошондой эле өзгөчө жана пайдалуу болсо кандай болоор эле? Көңүлүңүздү көтөрө алчу мындай заттардын сизде болуусун каалайсызбы?

Агып бараткан үстөл

Ушундай үстөл башына досторуңузду жыйнасаңыз, таң калган конокторуңузду угууга даяр болуңуз. Бирок, бул үстөлдүн башында өзүң жалгыз калып тамактануу коркунучтуу болот...

Чек арадан чыкпа!

Түндө уктап жатып жарыңыз уйкудан улам байкабай тээп жибереби? Өз жагыңыздагы төшөгүңүздү эч кимге бергиңиз келбейби? Анда өз территорияңызды сактап калыңыз! Бул өлчөгүч менен сиз ага ар дайым өз чек араны бузгандыгы тууралуу эскерте аласыз!

Гүл шамы

Күндүн жарыгындай жарык берген бул гүл шамы эртең менен эрте тура албаган адамдарга арналган. Шамга ойгонуу керек болгон убакытты белгилеп койсоңуз, ошол маалга бир саат калганда, гүл ачыла баштайт. Ойгонууңуз оңой, тез, жана өзүңүзгө жагымдуу болот. Ал эми бул-жакшы күндүн башталышына шарт тузөт.

Пиязды аарчып ыйлабаңыз

Кечки тамакктанууга даамдуу тамак жасайм деп ниеттенип, пиязды тазалай баштаганда, көзүңүз жашылданып, ыйлаган маалдар болдубу? Мейкабыңыз да, көңүлүңүз да жаш менен бирге агып кетеби? Пиязга тоскоолдук коюуңуз! Бул сыйкырлуу анти-пияз көз айнегин кийсеңиз болду. Ал жаштан да сактап, көңүлүңүздү да көтөрөрү анык. Ал эми сиздин үйүңүзгө ушундай заттар керекпи?

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!