Мыкты мугалимдер аныкталды

28-Март 2018, Шаршемби, 14:57

“Региондорду өнүктүрүү жылына” карата Мугалим илимий-педагогикалык журналы уюштурган “Мугалим – коомдун күзгүсү-2018” республикалык кароо сынагы болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук тил комиссиясы билдирди.

Ага караганда, жалпысынан сынакка республиканын аймактарынан мыкты деп табылган 12 мугалим катышкан. Иш-чарага Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия колдоо көрсөтүү ирээтинде жеңүүчүлөр менен бирге бардык катышуучуларга тең баалуу китептерди жана сыйлыктарды ыйгарды.

Улуттук комиссиянын Ардак грамотасына кыргыз тили жана адабият сабагынан берген мугалимдер Айнура Абдрахманова, Жусуп Назаров жана Эсенбек Зарипбеков татыктуу болду.

Ал эми жалпы жыйынтык менен алдыга Чүй облусунун Жайыл районунун С. Мырзакматов атындагы орто мектептин башталгыч класстарынын мугалими Аида Медетбек кызы баш байгени алып алдыга озуп чыкса, Баткен шаарындагы Баткен облустук гимназия-мектеп интернатынын география мугалими Султанбек Момунов 1-орунду ээлеп, 2-орунду Бишкек шааарындагы Ж. Садыков атындагы №84 жалпы билим берүү орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Эсенбек Зарипбеков камсыздай алды.

Ал эми Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы “Баластан” мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Айзада Исабекова жана Ысык-Көл районунун Тамчы мектеп-гимназиясынын математика мугалими Нурдан Эшимканов 3-орунду алышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!