Премьер-министр таза суу менен камсыздоону тапшырды

30-Март 2018, Жума, 14:41

Премьер-министр Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын калктуу пунктарын үчүүчү суу менен камсыздоо жана суу берүү жаатындагы иштеп жаткан долбоорлорду ишке ашыруу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев бүгүнкү күндө республика боюнча 653 айылда таза ичүүчү сууда муктаждык бар экендигин маалымдады.

Буга байланыштуу ал белгилегендей жарандарды таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча Дүйнөлүк банк жана Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан 6 млрд 538 млн сом жалпы көлөмдөгү «Ала-Тоо Булагы» жаңы программаны ишке ашыруу башталды.

Программаны ишке ашыруунун биринчи этабы Ош, Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын 115 айылын камтыйт.

Мындан тышкары аталган департаменттин директору көп учурда ичүүчү суу менен камсыз кылуу кызматынын тарифтери жергиликтүү кеңештер тарабынан коюларын, бул суу менен камсыз кылуу жана суу берүү системасын натыйжалуу эмес эксплотациялоого алып келип жатканын белгиледи.

Ошондой эле 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын калктуу пунктарын ичүүчү суу жана саркынды суулар системасын өнүктүрүүнүн Стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш чаралар планын өз учурунда аткаруусун камсыз кылуу тапшырмасы берилди.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!