Санитардык нормаларды бузгандарга рейд жүрдү

30-Март 2018, Жума, 17:51

Бишкек шаардык мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясы шаардын тазалыгы жана санитардык-экологиялык норманын сакталышы боюнча атайын рейд өткөрдү.

Үч күндүк рейддин жүрүшүндө эле СЭИ инспекторлору тарабынан “Административдик жоопкерчилик боюнча” мыйзам бузду делген дарыкана, сулуулук салон, интернет клуб, тигүү цех, дүкөн, кафе ээлерине, ижарачыларга 11 эскертүү жана 14 протокол түзүлүп, райондук администрациялардын комиссияларынын кароосуна жиберилди.

Мындай рейддер Бишкек шаарында байма-бай жүрүп турмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!