Бишкектин айрым мектептеринде окуу болгон жок

3-Апр. 2018, Шейшемби, 13:55

Бүгүн, 3-апрелде Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн Бишкек шаарындагы №6, 70, 28, 4, 11, 12, 65, 67- орто мектептериндеги окуучулар окушкан жок.

«Окуу процессинин токтошуна мектептер жайгашкан райондордо таза суунун убактылуу өчүрүлүшү себеп болгон. Эртең мектептер кайрадан иштей башташлат», - дейт маалымдайт аталган министрлик.

Эскерте кетсек, Бишкек мэриясы бүгүн, 3-апрелде борбордун көпчүлүк аймактарында таза суу убактылуу өчүрүлөрүн кабарлаган. Буга ремонт иштери себеп болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!