Балдарга жөлөк пул берүү маселеси каралды

3-Апр. 2018, Шейшемби, 17:27

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров бүгүн, 3-апрелде БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Эки тарап балдарга мамлекеттик жөлөкпул берүү маселесин карап, аны менен катар балдардын кызыкчылыгын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзам базасын өркүндөтүү, балдардын укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, балдар менен өсүпүрүмдөргө базалык социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо маселелерин талкуулашты.

Жогорку Кеңеш Мирлан Бакиров кыргыз парламенти ЮНИСЕФтин балдардын кызыкчылыгын коргоо жаатындагы мыйзамдарды жакшыртуу маселелериндеги салымына жогору баа берерин билдирди. Социалдык коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү “КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга токтолгон Мирлан Бакиров балдарга мамлекеттик жөлөкпулдарды берүү маселесинде социалдык жардамдардын даректүүлүк, ачык-айкындуулук принцибинин сакталышынын зарылдыгын баса белгиледи. “Жөлөкпулдарды мамлекеттин социалдык колдоосуна муктаж болгон балдар гана алышы керек”,- дейт Төрагасынын орун басары.

БУУнын Балдар фондусунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо бул уюмдун республика аймагындагы ишмердүүлүгү боюнча кеп кылды. Балдарга жөлөкпул берүүдө даректүүлүк менен ар тараптуу колдоо маселеси көп пайда алып келерине токтолуп, мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамды иштеп чыгууда ЮНИСЕФ тарабынан техникалык колдоо көрсөтүлгөндүгүн маалымдады. Ошондой эле Юкиэ Мокуо Кыргыз Республикасы менен ЮНИСЕФтин ортосунда 2018-2020-жылдарга карата балдардын укуктарын коргоо чөйрөсүндө маанилүү долбоорлор камтылган кызматташуунун өлкөлүк программасы бар экендигин кошумчалады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!