Парламент Башкы прокурордун тагдырын чечти

11-Апр. 2018, Шаршемби, 11:13

Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында депутаттар Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун сунушун карап, депутаттардын басымдуу бөлүгүнүн бир добуш менен макулдук беришти.

Парламентте 110 депутат каттоодон өтүп, анын 105и Башкы прокурорду кызматтан алынуусуна макулдугун берсе, 2сү “каршы” деген добуш берди. Калган үчөө добуш берген жок.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева өзү жыйынга катышкан жок. Ал парлементке кат жолдоп, маселени өзү жок эле карай берүүнү суранганын Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков айткан.

Айта кетсек, бүгүн парламентке бул маселени кароо өтүнүчүн президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев киргизген. Бул маселе боюнча депутаттарга президенттин аппарат жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекет башчысынын сунушу боюнча баяндама жасады. Анын айтымында, Башкы прокуратуранын башкы милдети мыйзамдуулукту сактоо жана мыйзамдуулуктун сакталышына көөзөмөл кылуу болуп саналат.

«Башкы прокурорго өлкөдөгү антикоррупциялык чараларды координациялоо милдети жүктөлгөн. Мына ушул мезгил аралыгында координациялык кеӊештин бир дагы жыйыны өткөрүлгөн жок. Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча көрүлгөн чаралар жетишсиз болду. Алар коррупцияга каршы чараларды координациялоонун ордуна жалаӊ статистика менен алектенип калган», - деди Абылгазиев.

Ал эми кечээ, 10-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитети президенттин Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу сунушун колдогон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!