ГЭС боюнча эки инвестор менен сүйлөшүү жүрүүдө

17-Апр. 2018, Шейшемби, 15:02

Кыргыз өкмөтү ГЭС куруу боюнча эки инвестор менен сүйлөшүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Мекен» жана «Республика – Ата Журт» фракцияларынын депутаттары өкмөттүн бир жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету угуп жатканда, премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

Анын айтымында, өкмөт ГЭС куруу боюнча инвестор издеп жатат. Учурда Нарын ГЭСтер каскадын жана чакан ГЭСтерди куруу боюнча эки инвестор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!