Оппозициялык фракциялар өкмөттүн ишине канааттанган жок

17-Апр. 2018, Шейшемби, 20:17

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештеги оппозициялык «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Мекен» жана «Республика - Ата Журт» фракциясынын жыйынында премьер-министр Сапар Исаков өкмөттүн бир жыл ичинде аткарган иштери боюнча баяндама жасады.

Анын жыйынтыгында аталган үч фракциянын депутаттарынын көпчүлүгү өкмөттүн 2017-жылда аткарган ишин “канааттандырарлык эмес” деп тапты. Эки депутат “каршы” болушту.

Айта кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” жана КСДП фракциялары өкмөттүн бир жыл ичинде аткарган иштери тууралуу отчётун угушуп, анын жыйынтыгында аталган фракциялардын депутаттары өкмөттүн ишин “канааттандырарлык” деп табышып, өкмөттүн ишин колдоого алган.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!