ЖК өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алды

19-Апр. 2018, Бейшемби, 11:47

Бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алып, буга байланыштуу токтом кабыл алышты.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында 101 депутат «макул», 5 эл өкүлү «каршы» деген добуш берди. Жалпы 112 депутат катталган.

Мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин токтому президент Сооронбай Жээнбековго жөнөтүлөт.

Ал эми өкмөттү отставкага кетирүү боюнча тармактык комитеттин чечими түштөн кийин талкууга коюлат.

Айта кетсек, бүгүн ЖКнын жыйынында «Республика-Ата-Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов өкмөткө ишеним көрсөтпөөнү сунуштады. Демилгени «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов да кубаттап, тийиштүү колдор топтолгонун жана процедуралар аткарылгандыгын айткан.

Ал эми Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети өкмөткө ишеним көрсөтпөө сунушун бир добуштан колдоп беришти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!