Түркияда Айтматовдун 90 жылдыгына арналган салтанат өтүүдө (фото)

19-Апр. 2018, Бейшемби, 15:50

Түркияда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата иш-чара болуп өттү. Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов ачылыш салтанатында сөз сүйлөгөнүн маданият министрлиги кабарлады.

Министр куттуктоо сөзүндө Айтматовдун мааракеси бүткүл дүйнөдө белгилене турганын айтты. Ошондой эле С.Жумагулов кыргыз бермети Ысык-Көлдө “Айтматов жана учур сыноолору” аттуу дүйнөлүк интеллектуалдардын форуму өтөөрүн маалымдады. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын элинин жана өкмөтүнүн атынан Түркия Республикасынын өкмөтүнө чын дилден ыраазычылык жолдоду.

Эске сала кетсек, Анкарада Чыңгыз Айтматов жылынын ачылыш салтанаты ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин чечими менен кабыл алынган.
Иш-чара 2018-жылдын 19-22-апрелине чейин уланат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!